Ссылки доступа

Жакындары Түркияда мыйзамсыз жүргөн түркмөн жарандарына түрк визасы берилбей жатат


Стамбул шаары
Стамбул шаары

Түркмөнстандын Лебап облусунун бир нече тургуну Ашхабаддагы түрк элчилигинен виза ала албай жатышканын, буга туугандарынын Түркияда мыйзамсыз жүргөнү себеп болуп жатканын билдиришти.

Чаржев районунун тургуну күйөөсү экөө көп жылдан бери Түркияда иштешкенин, бирок биометрикалык паспортторунун мөөнөтү аяктаганынан улам бул өлкөдө жашоого уруксат берген документтеринин мөөнөтүн узарта албай калышканын билдирүүдө. Мындан улам ал жаңы паспорт алуу үчүн Түркмөнстанга кайтса, күйөөсү ишин жоготуп албоо үчүн Түркияда мыйзамсыз кала берген.

"Күйөөм экөөбүз Түркияда 10 жылга жакын иштедик. Биометрикалык паспортторубуздун мөөнөтү аяктап калгандыктан, жаңысын алуу үчүн Түркмөнстанга кайтып келгем. Ошондон бери күйөөм Түркияда мыйзамсыз иштеп жүрөт. Анткени паспортунун жарактуу мөөнөтү аяктап калгандыктан, ал жакта жашоого укук берген документтин мөөнөтүн узарта алган жок. Мен Түркмөнстанда пара берип жатып жаңы биометрикалык паспорт алып, Түркияга кайра баруу үчүн бардык документтерди топтой баштагам. Бирок Ашхабаддагы түрк элчилиги мага виза берүүдөн баш тартып койду", – деди аты-жөнүн билдиргиси келбеген тургун.

Ал баш тартуунун себебин билүү үчүн Ашхабаддагы виза борборуна барып, бирок так жооп ала алган эмес. Анын айтымында, визага арыз жазганга чейин эле ал Түркмөнабад шаарынын ушундай эле кырдаалга туш болгон тургундары жөнүндө уккан. Алар визаны жакын туугандары Түркияда мыйзамсыз жүргөнү үчүн ала албай калышканын айтышкан.

Ошол эле маалда Түркиянын Ашхабаддагы элчилиги бул баш тартуулар боюнча эч кандай комментарий бере элек.

Түркмөнстандын бийлиги жарандардын саясий эркиндигин чектегени жана эркин ойлонгондорду куугунтуктаганы үчүн сынга кабылып келет.

Акыркы жылдары Түркмөнстанда экономикалык абал оорлогонуна байланыштуу чет өлкөлөргө, көбүнчө Түркияга жумуш издеп кеткен түркмөн жарандары көбөйүүдө.

2007-жылдан 2022-жылга чейин түркмөн жарандары Түркияда 30 күн визасыз жүрө алчу. Бирок 2022-жылы сентябрда Анкара Ашхабаддын өтүнүчү менен түркмөнстандыктар үчүн визасыз режимди жойгон. Мындан улам Түркияда жүргөн түркмөн жарандары чет өлкөгө чыгуучу паспортторунун жана бул өлкөдө жашоого укук берген документтеринин мөөнөттөрүн узарта албай келишет.

Мындан тышкары түрк бийлиги акыркы жылдары мыйзамсыз жүргөн мигранттарга каршы күрөштү күчөткөн.

Түркиянын Миграция кызматы быйыл 9-майга карата жарыялаган маалыматка ылайык, бул өлкөдө жашоого укугу бар чет өлкөлүктөрдүн саны боюнча түркмөн жарандары биринчи орунда турушат. Түркияда Түркмөнстандын 112 миңден ашык жараны мыйзамдуу жашайт. Дагы 68 миңден ашыгы кыска мөөнөттүү виза, 20 миңге жакыны студенттик виза жана 7 миңден көбү үй-бүлөлүк виза менен жүрүшөт.

Байкоочулар менен укук коргоочулар Түркияда мыйзамсыз жүргөн түркмөнстандык мигранттардын саны расмий айтылгандан кыйла көп болушу мүмкүн экенин белгилеп келишет.

XS
SM
MD
LG