"РБК-Украинанын" маалыматына караганда, киберчабуулдун жыйынтыгында Орусиянын Коргоо министрлигинин сайты, домендери, IP-телефониясы жана электрондук документ жүргүзүүнүн программалык камсыздоо тутуму бөгөттөлгөн.
Хакерлер Орусиянын Коргоо министрлигинин серверлерине 4-март күнү эртең менен чабуул жасаган. Анын жыйынтыгында украин чалгыны мекеменин программалык камсыздоо тутумуна жана жашыруун кызматтык документтерине жете алганы кабарланууда.
"Кеп Орусиянын коргонуу мекемесинин 2 миңден ашык түзүмдөрүнүн ортосунда айланып жүргөн буйруктар, отчёттор, тапшырмалар, баяндамалар жана башка документтер жөнүндө болууда", – деп билдирген украин чалгынынын өкүлү "РБК-Украина" басылмасына.
2023-жылы ноябрда украиналык хакерлер Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз борборунун системасын, октябрда "Альфа-Банктын" кардарлар базасын бузуп киришкен. Январда алар банктын 24 миллион кардарынын маалыматтарын интернетке чыгарган. "Альфа-Банк" хакердик чабуул жөнүндөгү билдирүүлөрдү четке каккан,. Бирок орусиялык журналисттер жарыяланган маалыматтардын анык экенин аныктап чыгышкан.