Азырынча Москвада кармалган тажикстандыктардын депортацияланганы же Тажикстандын өтүнүчү менен экстрадицияланганы белгисиз.
"Алар Бадахшандагы ата-энелери менен байланышып, 20-июнда Куляб аэропортуна коно тургандыктарын айтышкан. 20-июнда Москвадан келген учак конду, бирок жүргүнчүлөрдүн арасында алар жок болуп чыкты. Алардын кайда экени боюнча бизге эч кандай маалымат бериле элек", – деди мигранттардын жакындарынын бири.
Тажик бийлиги Орусияда Бадахшандын беш жашоочусу кармалганын жана мекенине жөнөтүлгөнүн расмий түрдө ырастаган да, төгүндөгөн да жок.
"Озоди" радиосунун маалыматына караганда, акыркы бир айдын ичинде Орусияда Тоолуу Бадахшандагы Ванж районунун 15ке жакын тургуну кармалып, Тажикстанга экстрадицияланган. Дайынсыз болуп жаткан мигранттар Ванж районунун "экстремизмге" айыпталып жаткан жашоочулары менен байланышта болгону үчүн кармалганы айтылууда.
Ванж районундагы Язгулом маалесинин 30дан ашык жашоочусун кармоо операциясы майдын экинчи жарымында жүргүзүлгөн. Тажикстандын Ички иштер министрлиги бул боюнча эч кандай расмий билдирүү жасаган эмес.
"Озоди" радиосу бул иш менен жакындан тааныш булагына таянып, аймактын 25 тургуну Тажикстанда тыюу салынган "Ансоруллох" уюмуна мүчө болуп, "өлкөдө теракт жасоого даярдык көргөн" деп шектелип жатканын жазган.
Кармалгандардын жакындары "терроризм" айыбын четке кагышкан.