2023-жылы Орусияда эмгек мигранттарынын саны 3,5 миллионго жакын адамды түздү, бул 2019-жылга салыштырмалуу дээрлик 1 миллионго аз.
Эсептөөлөр Росстаттын, Ички иштер министрлигинин жана ФСБнын маалыматтарына негизделген. Изилдөөнүн автору белгилегендей, коронавирустук чектөөлөрдүн алынып салынышы Орусияда эмгек миграциясынын олуттуу өсүшүнө алып келиши керек болчу. Изилдөөчүлөр 2022-жылы Орусияга киргендердин агымы жогорулаганын белгилешет, бирок жылдын аягында бул көрсөткүч 2019-жылга чейинки көрсөткүчөн 15% артта калган.
Изилдөөнүн авторлору Орусиядагы чет элдик жумушчу күчүнүн азайышына Украинада уланып жаткан кеңири масштабдуу согуш кандай таасир эткенин көрсөтүшкөн эмес. Бирок 2022-жылга карата Орусиядан чыгып кеткен мигранттардын саны 2021-жылга салыштырмалуу 128% өскөн.
Жалпысынан алганда, 2022-жылы Орусиядагы чет элдик жумушчулардын орточо жылдык саны 3,47 миллион адамды түздү, бул 2018–2019-жылдарга салыштырмалуу (болжол менен 4–4,5 миллион) төмөн.
2023-жылы Орусияга кирген эмгек мигранттарынын 87%дан ашыгы Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандан келгендер болгон. Чет элдиктердин жарымынан көбү (55–60%) Москва, Санкт-Петербург, ошондой эле Москва жана Ленинград облустарына иштөө үчүн келишет.
Иликтөөгө ылайык, 2022-жылы миграцияга катталган жумушчулардын 3%, ал эми 2023-жылы 4% жакынкы алыскы чет өлкөлөрдөн келгендер болгон.
Борбор Азиядан Орусияга эмгек мигранттарынын агымынын азайышына өзгөчө орус бийлигинин Украинадагы согушка чет элдиктерди тартуу демилгеси таасир этиши мүмкүн. Күч түзүмдөрү Орусиянын жарандыгын алган мигранттарды кармап, аскердик каттоого алышат. Декабрь айында чет элдик жарандар аскердик каттоодон качканы үчүн орус жарандыгынан ажыратыла баштаганы тууралуу маалыматтар чыга баштаган. Кеп Борбор Азиядан келген мигранттар жөнүндө болуп жатат.