Кэтрин январь айында операция болуп, кийин ага химиотерапия дайындалган. Март айында ал рак оорусуна чалдыкканын жана узак мөөнөткө дарыланып жатканын, ошондуктан бир канча убакыт эл алдына чыкпай турганын ачык жарыялаган.
Кэтрин жакында коомдук иштерге кайтып келерин айтты. Ал ошондой эле толук айыгуу үчүн көп убакыт талап кылынарын, анткени залалдуу шишиктин кайра кайтып келишине жол бербөө үчүн профилактикалык иш-чаралардан өтүшү керектигин билдирди.
"Акыркы тогуз ай биздин үй-бүлөбүз үчүн укмуштуудай оор болду. Рак оорусу менен күрөшүү – узак, оор, коркунучтуу жана күтүүсүз жол. Бул жол Уильям экөөбүзгө жашоодогу сүйүү жана камкордук сыяктуу жөнөкөй нерселерди баалоо канчалык маанилүү экенин эске салды", - деди канзаада.
Ал ага тилектеш болгондордун баарына ыраазычылык билдирип, азыр рак менен күрөшүп жаткандарды колдорун билдирди.
Февраль айынын башында Улуу Британиянын падышасы Чарльз III да рак илдетине кабылганы белгилүү болгон. Букингем сарайы падыша дарылана баштаганын жарыялаган.