Ссылки доступа

Литва бийлиги тажикстандык активистти качкын макамынан ажыратты


Сулаймон Давлатов
Сулаймон Давлатов

Литвада кармалган тажикстандык саясий активист Сулаймон Давлатов бул өлкөнүн бийлигине анын качкын макамын калыбына келтирүүнү жана Душанбеге депортацияланышына жол бербөөнү өтүндү.

Социалдык тармактардагы баракчаларында ислам темасында талкууларга жем таштап, тажик бийлигин кескин сындап келген Сулаймон Давлатовду быйыл 5-апрелде Литванын күч органдары кармап, бул өлкөнүн миграция кызматы коопсуздук үчүн аны качкын макамынан ажыраткан. Ошондон бери Давлатов Вильнюстагы мыйзамсыз мигранттарды кармоочу атайын абакта отурат жана Тажикстанга депортацияланышы мүмкүн.

Ал миграция кызматынын чечимине каршы сотко кайрылып, Литвадагы качкын макамын калыбына келтирүүгө үмүттөнүүдө. Сот анын арызын июнь айынын башында карайт деп күтүлүүдө.

Давлатов 20-майда "Озоди" радиосуна курган маегинде камакка алынышынын себептери боюнча расмий түшүндүрмө азыркыга чейин жок экенин айтты.

"Бир гана жолу, апрель айынын ортосунда борборго миграция кызматынын кызматкерлери келип, Вильнюста Палестинаны колдоо митингине катышканым тууралуу суроолорду беришти. Ооба, мен бул акцияга катыштым, бирок эч кандай террористтик топту колдогон эмесмин. Мен согушка каршы чыгып, бул согушта курман болгон карапайым элди, балдарды колдоп чыктым. Балдардын өлүмү Израилде да, Палестинада да, Украинада да кабыл алынгыс. Менден Ирандын Израилге жасаган чабуулу тууралуу да сурашты. Мен жөн гана согушка каршы экенимди айттым. Анан Орусия менен Украинанын ортосундагы согуш тууралуу менин пикиримди сурашты. Мен Украинаны колдоо үчүн Орусияга каршы акцияларга катышканымды айттым", - деди активист.

Буга чейин ал Тажикстанда тыюу салынган "Группа 24" уюмунун жана Тажикстандын Конструктивдүү күчтөр Конгрессинин мүчөсү болгон. 2015-жылы Тажикстандан качып, ошол эле жылы Душанбенин өтүнүчү менен Финляндияда кармалып, ал жактан Санкт-Петербургга жөнөтүлүп, бирок кийин бошотулган. 2016-жылы Литвага көчүп, ал жактан качкын макамын алган. Акыркы 9 жылдан бери Вильнюста жашап, иштейт. Досторунун айтымында, Давлатовдун Литванын борборунда өзүнүн рестораны, дүкөнү жана наабайканасы бар. Үч баланын атасы.

XS
SM
MD
LG