Маалыматка караганда, окуя 8-июлда болгон. Ооган-тажик чек арасындагы "Дараи Об" өткөрмө бекетинин кызматкери Муминзоданын жубайынан документтерин көрсөтүүсүн талап кылган. Ошол маалда соттун төрагасы чек арачыны бир нече жолу уруп жиберген.
Судьялар кол тийбестикке ээ болгондуктан, бул окуя боюнча Жогорку сот ички териштирүү иштерин жүргүзүүдө. Анын жыйынтыгында Муминзоданын күнөөсү далилденсе, аны кызматтан алуу үчүн маалыматтар президентке жөнөтүлөт.
Чек арачыга кол салуу учуру видеокөзөмөл камерасына түшүп калган. Анда Зохир Муминзода автоунаасынан чыгып, жоокерди бир нече жолу уруп жибергенин көрүүгө болот.
Бул иш андан аны прокуратуранын кароосуна да жөнөтүлүшү мүмкүн экени кабарланууда.