Жакында Тажикстандын бийлиги жылдын биринчи жарымында эле өлкөгө Орусиядан 80 миңден ашык мигрант аял кайтып келгенин билдирген. Аткаминерлердин айтымында, алар үчүн Тажикстанда 100 миңден ашык жумуш орундары даярдалган.
Бирок "Азаттык" радиосунун "Мигрант. Медиа" долбоору менен маектешкен тажик аялдары Орусиядан кайтып келгенден кийин мекенинде жумуш табылбай жатканын билдиришти.
Алардын бири Мирмох Шамсова. Ал Орусияда жумушсуз калып, жакында эле Тажикстанга кайтып барган.
"Тажикстанда жумуш таба албай жатам. Кайда барсаң эле "1,5-2 миң сомони берсең алабыз" деп айтышат. Менде андай акча болгондо тамак-аш сатып алып үйдө эле отура бербейт белем", – дейт ал.
Мирмох анын Орусиядагы жашоосу жеңил болбогонун айтып, бирок "Крокус Сити Холлдогу" теракттан кийин абал кескин өзгөрүп кеткенин билдирди. Ал жумушсуз калып, мекенине кайтып келүүгө аргасыз болгон. Бирок Мирмох Тажикстанда туруктуу жумуш таба албай, кайра эле өлкөдөн кетүү жөнүндө ойлоно баштаганын кошумчалады.