Ссылки доступа

Трампка кол салууга шектелген кишиге айып тагылды


АКШ президенттигине Республикалык партиядан талапкер Дональд Трампка кол салууга шектелген Райн Рутка мыйзамсыз курал сактаган деген айып тагылды. Бул тууралуу CNN билдирди.

Айыпта эки пункт бар – соттолгондон кийин ок атуучу курал алып жүрүү жана сериялык номери өчүрүлгөн куралды сактоо.

Палм-Бич шаарынын прокурорунун айтымында, Рутту атайын Трампка каршы кылмыш жасаган деп айыптоо кыйын болот. Кылмышка шектүү адам өмүрүнө кол салууга аракет жасаган учурда аралык - 300дөн 500 метрге чейин болгон. Демек, Рут түздөн-түз экс-президентти бутага алган деп божомолдоо кыйын.

Соттук отурум келерки дүйшөмбүгө, 23-сентябрга белгиленди.

Флорида штатындагы Уэст-Палм-Бичтеги гольф аянтчасынын жанында ок атылганда Дональд Трамп ошол жерде болгон. ЖМКлардын маалыматына караганда, Рут бир нече кылмыш боюнча айыпталууда. Ал ооган армиясынын мурдагы жоокерлерин Украинанын Куралдуу күчтөрүнө тартууга аракет кылганы жана 2022-жылы бир нече ай Украинанын аймагында жүргөнү айтылууда.

Шектүү эмне себептен мындай кадамга барганы белгисиз. Associated Press басылмасынын жазганына караганда, ал 2020-жылы Дональд Трамптын талапкерлигин колдой турганын социалдык тармактарда жарыялаган. Бирок акыркы учурда Жо Байден менен Камала Харристин тарапташы болгон.

Жашыруун кызматтын агенти гольф аянтчасын курчап турган жашыл бактардын арасынан автоматтын стволун байкап калгандан кийин эскертүү иретинде ок чыгарган. Дональд Трамп ошол маалда төрт жүз метрдей алыс жерде гольф ойноп жаткан. Шектүү атууга үлгүргөнбү, жокпу азырынча белгисиз. Ал унаасы менен качууга аракет кылган, бирок көп өтпөй шектүүнүн унаасын сүрөткө тартып алган күбөлөрдүн жардамы менен кармалган. Гольф аянтчасынын тосмосунун артындагы бактардын арасынан снайпердик жарым автомат мылтык (винтовка) жана видеокамера табылган.

XS
SM
MD
LG