Анын айтымында, ошол эле маалда майрамдык иш-чараларга катыштыруу үчүн аймактардан бюджетте иштеген кызматкерлер баш калаага жөнөтүлүүдө.
"Аталган даталарга байланыштуу өтө турган иш-чараларга катыштыруу үчүн өлкөнүн батыш аймактарынан Ашхабадга бюджетте иштеген 500гө жакын адам жөнөтүлдү. Ошол эле маалда аймактардан келген ички мигранттар шаардан чыгарылып, өздөрүнүн кичи мекендерине жеткирилүүдө", – деди кабарчы.
Түркмөнстанда Конституция жана Мамлекеттик туу күнү 18-майда белгиленет. Бул күнү бардык мамлекеттик мекемелер үчүн эс алуу күнү болуп эсептелет.
Ашхабад полициясы ички мигранттарга каршы рейддерди өткөн жума күнү, 10-майда баштаган.
"Полиция кызматкерлери бардык курулуш аянттарын кыдырып, ички мигранттарды кармап, кичи мекендерине жөнөтүп жатат. Ашхабад шаарында коопсуздук чаралары күчөтүлдү", - деди кабарчы.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, полиция кызматкерлери ички мигранттар "борбор шаардын көрүнүшүн бузуп жатат" деп эсептешүүдө.
"Бийлик Ашхабадда өтө турган эл аралык маданий иш-чаралардын фонунда ички мигранттарды чет өлкөлүк меймандардын көзүнө көрсөтпөөнү каалап жатат. Полиция кызматкерлери кармалгандарга алар "өлкөнүн образын бузуп жатканын айтууда", – деди жакында эле Ашхабаддан чыгарылган тургундардын бири.
Ашхабадда 18-майда Конституция жана Мамлекеттик туу күндөрүнө карата майрамдык иш-чаралар өтөт. Мындан тышкары 17-майда "Махтумкули Фраги" маданий-эс алуу комплексинин ачылуу аземи болот. Ошондой эле 25-майда Түркмөнстанда Ашхабад шаарынын күнү белгиленет.