Ссылки доступа

Placebo Алматыдагы Park Live фестивалына катышпай калды


Брайан Молко
Брайан Молко

Британиялык Placebo тобу 8-сентябрда "Яндекстин" демөөрчүлүгү менен Алматыда өтө турган Park Live фестивалындагы концертин токтотконун жарыялады.

Инстаграмдагы билдирүүдө концерттин болбой калышына уюштуруучулардын адискөйлүгүнө байланышпаган себептер жолтоо болгону белгиленген. Буга чейин музыканттар орусиялык компания демөөрчүлүк кылган иш-чарага катышканы жатканы үчүн сынга кабылышкан.

12-сентябрда Тбилисиде өтүшү керек болгон Placebo тобунун концерти токтотулган. Артисттер Грузиядагы күйөрмандарынан кечирим сурап, келечекте кайтып келүүнү убадалашкан.

Placebo'нун ордуна фестивалда британиялык The Kooks рок-группасы концерт берет.

Park Live музыка фестивалы 2013-жылдан 2019-жылга чейин Москвада өткөн. Ар кайсы убакта бул иш-чарага Gorillaz, Massive Attack, Red Hot Chili Peppers, The Killers жана башка топтор катышкан. Быш жылдык тыныгуудан кийин, 2024-жылы уюштуруучулар фестиваль быйыл 6-8-сентябрда Алматыда өтөрүн кабарлашкан.

XS
SM
MD
LG