Күзгү аскерге чакыруу жөнүндө жарлык чыккандан кийин 18 жаштан ашкан эркектердин Орусияга жана башка өлкөлөргө кеткени кескин көбөйдү.
Бекмурод (аты өзгөртүлдү) август айында жаңы гана үйлөнгөн жубайын Тажикстанга таштап, Москвага кеткен. Ал учакта 300 адам болгонун, алардын 70%га жакыны жаштар экенин айтты.
“Биздин айылда жыл сайын ушундай көрүнүш кайталанат. Август айында, 15-августта кечке жуук эшик тыкылдатып, тизмеге киргизип, аты-жөнүңүздү жазып коюшат”, - дейт Бекмурод.
Күзгү аскерге чакыруу боюнча кезектеги буйрук 27-августта чыккан. Буйрукка кол коюлгандан кийин чакыруу комиссияларынын өкүлдөрү аскерден качкандарды активдүү издөөгө киришет. Бирок аскерге жөнөтүү негизинен октябрь жана ноябрь айларында башталат.
Укук коргоочулар тажик жаштарынын армияга баргысы келбей жатканына бир нече себеп бар экенин белгилешет. “Жарандык эркиндик кеңсеси” коомдук уюмунун жетекчиси Дилрабо Самадованын айтымында, көбү армиядан негизинен “чоңсунунун” айынан качып жатышат. Тажикстандын акыйкатчысынын маалыматы боюнча, 2023-жылы эле армияда 40 жоокер каза болгон.