Ага башкаруучу партия добуш берип, оппозиция өкүлдөрүнүн көпчүлүгү сессияга бойкот жарыялашты.
Мыйзам долбоорунда бир жыныстагы жубайларга бала асыроого, бир жыныстуу никеге “үгүттөөгө”, жынысын өзгөртүүгө, гей-параддарды өткөрүүгө тыюу салынат.
Грузия Евробиримдикке талапкер болуп саналат; Европа Кеңешинин кеңешме органы болгон Венеция комиссиясы бул демилге Грузияда уланып жаткан жапырт нааразылык акциялары жана саясий-социалдык чыңалуу шартында күн тартибине киргизилгенине өкүнгөнүн билдирди.
Бийликтеги “Грузин кыялы” партиясы мыйзам долбоорлорун парламенттин күзгү сессиясында, парламенттик шайлоого аз калганда бекитүүнү пландаштырууда.