"Түркиянын элчилиги жакында эле визага арыз кабыл алууну токтотуп, бул ишти түркмөнстандык жарым-жартылай расмий деп эсептелген жеке агенттикке өткөрүп берген. Агенттиктин кызматкерлери документтерди текшерип, виза үчүн расмий көрсөтүлгөн 60 доллардын ордуна 200 доллардан алып жатышат. Бирок жарандарга 60 доллар үчүн гана дүмүрчөк берилүүдө", – деди "Азаттыктын" түркмөн кызматынын өз булагы.
Анын айтымында, апта башында түрк визасын алуу үчүн бир күндө жазылган 150 арыздын үчөө гана канааттандырылып, бул арыз ээлеринин нааразылыгын жараткан.
"Виза алгандардын бири студент, экинчиси ишкер жана үчүнчүсү жумушчу визага арыз берген жаран. Туристтик виза алгысы келген 147 адамдын арызы канааттандырылган жок. Виза үчүн агенттикке 200 доллардан төлөгөн жарандар эми акчасын кайтарып ала албай жатышат", – деди булак.
22-июлда акчасын ала албаган жарандар Түркиянын Ашхабаддагы элчилигинин алдына чогулушкан. Бирок элчилик өкүлдөрү виза маселесине алардын тиешеси жок экенин айтып, акчаны виза берүү менен алектенген агенттиктен талап кылууну сунушташкан.
"Агенттиктин жетекчилиги чогулгандарды башка эч кимге кайрылбай турууга чакырып, виза үчүн төлөнгөн каражат эртең берилерин билдиришти", – деди булак.
Акыркы жылдары экономикалык каатчылык өкүм сүрүп жаткан Түркмөнстанда чек өлкөлөргө кетүүнү каалаган жарандардын миграциялык агымы күчөдү.