Ссылки доступа

11-сентябрдагы терактка айыпталгандар күнөөнү моюнга алууга макул болушту


Халид Шейх Мухаммед менен Валид бен Атташ Гуантанамодогу сотко чейинки угууда. 8 декабря, 2008-жыл.
Халид Шейх Мухаммед менен Валид бен Атташ Гуантанамодогу сотко чейинки угууда. 8 декабря, 2008-жыл.

31-июль, шаршембиде АКШда 2001-жылдын 11-сентябрында 3000ге жакын адамдын өмүрүн алган террордук чабуулду уюштурган деп айыпталган үч адам күнөөсүн моюнга алууга макул болушту. Бул учурда алар өлүм жазасына тартылбай, өмүр бою эркинен ажыратылат.

2006-жылдан бери АКШнын Гуантанамодогу аскерий базасында камакта жаткан Халид Шейх Мухаммед, Валид бен Атташ жана Мустафа аль-Хавсави Нью-Йорктогу Дүйнөлүк соода борбору менен Пентагонго барымтага алынган жүргүнчү учактар менен абадан чабуул уюштурган жана 2976 кишини өлтүргөн деп айыпталууда. Айыптоо корутундусуна ылайык, Халид Шейх Мухаммед барымтага алынган жүргүнчү учактарды сокку уруу куралы катары колдонуу идеясын 1996-жылы "Аль-Каида" террордук тобунун башчысы Усама бен Ладенге сунуштаган. Аль-Хавсави учакты барымтага алуучуларды каржылаган жана алардын иш-аракетин уюштурууга жардам берген деп айыпталууда. Бен Атташ бен Ладен менен Мухаммеддин жардамчысы болгон жана террордук топтун мүчөлөрүн даярдоого жана машыктырууга катышкан.

Үчөө тең адегенде ЦРУнун жашыруун түрмөлөрүндө, 2003-жылдан бери Гуантанамо түрмөсүндө кармалып келишкен. Аскердик соттордун алкагындагы аскердик комиссияларда сот жараянына даярдык көрүү он жылдан ашык убакытка созулду. Айыпталуучулар камакта кыйноого алынганын, андыктан алардын көрсөтмөлөрү юридикалык күчкө ээ эмес экенин айтышкан.

Айыпталуучулардын жактоочулары менен аскер прокурорунун ортосундагы эки жылдык сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жетишилген макулдашууга ылайык, эгер алар бардык айыптоолор боюнча күнөөсүн моюнуна алса, прокурорлор сотто өлүм жазасын талап кылбайт. Аскердик комиссиялардын башкы прокурору Арон Руга шаршемби күнү тараткан катында: "Мүмкүн болгон жаза катары өлүм жазасынан баш тартуунун ордуна үч айыпталуучу бардык айыптарды, анын ичинде 2976 адамдын өлүмү боюнча күнөөсүн моюнга алууга макул болду", деди.

Айыпталуучулар теракттан каза болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнүн кол салууларды уюштуруудагы ролу жана уюштуруучулардын мотивдери тууралуу суроолоруна жооп берүүгө да макул болушту. Суроолор жазуу жүзүндө жөнөтүлүп, жооптор жылдын аягына чейин алынышы керек. Халид Шейх Мухаммеддин жактоочусу билдиргендей, анын кардары каза болгондордун жакындарынын бардык суроолоруна жооп берет.

Бул келишим бир жылдан бир жарым жылга чейин созулушу мүмкүн болгон соттук териштирүүнүн алдын алат.

Төртүнчү соттолуучу, Мухаммеддин жээни Аммар аль-Балуччи келишимден баш тартты жана сот жообуна тартылышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG