Халыков 2020-жылы июлда коронавирус пандемиясына байланышкан Түркмөнстандагы абалды баалоо үчүн келген Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун делегация мүчөлөрүнүн сүрөтүн Turkmen.news басылмасына жөнөткөндөн кийин камакка алынган.
Ошол эле жылы сентябрда Ашхабаддын Бахтярлык райондук соту аны "Алдамчылык" беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, төрт жылга эркиндигинен ажыраткан. Turkmen.news анда басылма менен 2017-жылдан бери кызматташып келген жарандык журналист "ойдон чыгарылган" айыптоо боюнча соттолгонун кабарлаган. Тергөө Халыков бирөөнөн алган 5 миң долларлык карызын берүүдөн баш тартканын билдирген.
Маалыматка караганда, Халыков жаза мөөнөтүн Лебап облусундагы жалпы режимдеги абакта өтөдү. Учурда бул түрмөдө активисттер Мырат Душемов, Алламурат Корханов, Мырат Овезов, ошондой эле 2023-жылы декабрда Орусияда дайынсыз жоголгон Маликберди Алламирадов кармалууда.
"Азаттыктын" түркмөн кызматынын журналисттери Нургелди Халыковдун эркиндикке чыкканы боюнча Түркмөнстандын бийлик органдарынан комментарий ала алган эмес.
2021-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) бир нече түзүмү түркмөн бийлигинен камактагы журналист Нургелди Халыков жөнүндө маалыматтарды сураган. Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) менен "Чек арасыз кабарчылар" (RSF) уюмдары Ашхабадды жарандык журналисттерди бошотууга жана өлкөдөгү журналисттерге өз ишмердүүлүгүн тоскоолдуксуз аткарууга мүмкүнчүлүк түзүп берүүгө бир нече жолу чакырышкан.
"Чек арасыз кабарчылар" уюмунун сөз эркиндиги боюнча быйыл 3-майда жарыяланган акыркы рейтингинде Түркмөнстан 180 өлкөнүн ичинен 175-орунга жайгашкан.