Ссылки доступа

ЕБ лидерлери Украинага биргелешип ок-дары сатып берүү планын жактырды


Европа биримдигине (ЕБ) мүчө өлкөлөрдүн лидерлери 23-мартта Брюсселде өткөн саммитте алдыдагы 12 айдын ичинде Украинага 1 миллион артиллериялык ок-дары жөнөтүү планын бекитишти.

ЕБ өлкөлөрүнүн тышкы иштер жана коргоо министрлери бул планды апта башында жактырышкан.

"Европа кеңеши ЕБге мүчө бардык мамлекеттердин коопсуздук жана коргонуу кызыкчылыктарын эске алуу менен Украинага чукул арада "жер-жер" классындагы ок-дарыларды, артиллериялык снаряддарды жана ракеталарды жеткирүү боюнча макулдашууну кубаттайт", – деп жазылган жолугушуунун жыйынтыгы боюнча жарыяланган билдирүүдө.

Мындан тышкары анда Орусия агрессиясын токтотуп, тез арада Украинанын эл аралык коомчулук тарабынан таанылган аймагынан аскерлерин толук чыгарып кетиши керектиги белгиленген.

22-мартта Украинага биргелешип ок-дарыларды сатып берүү боюнча Евробиримдиктин макулдашуусуна Испания да кошула турганы белгилүү болгон. Муну менен ЕБдин бул биргелешкен демилгесине кошулган өлкөлөрдүн саны 18ге жетти.

XS
SM
MD
LG