Айыл жери Хатлон облусунун Жалалиддин Балхи аймагында – Ооганстан менен чек арадан 50 чакырым алыстыкта жайгашат.
Тажикстандын өзгөчө кырдаалдар комитетинин төрагасы Рустам Назарзода Ооганстандан келген качкындарды жайгаштыруу үчүн Тажикстанда 250 үй-бүлөгө жаңы конуш курула турганын билдирди. Айыл ооган бозгундары отурукташкан чатыр шаарчанын ордуна курулат.
Маалыматка караганда, айылдын курулушу башталды жана ал эки жылга жакын созулат. Айылдын инфраструктурасы өнүктүрүлүп, жол, көпүрө оңдолуп, электр линиясы тартылат.
Тажикстанга көп жыл мурун көчүп келген ооган качкындары негизинен Душанбеге жакын жерде жашашат. Айрым маалыматтар боюнча, өлкөдө алардын саны 10 миңге жакын. Тажикстандагы ооган качкындары жумуштун жоктугуна байма-бай даттанып келишет.
БУУнун маалыматы боюнча, тажик бийлиги 2022-жылы өлкөдөн кеминде 85 ооган качкынын күч менен чыгарып жиберген. Душанбе буга комментарий берген эмес.