Ссылки доступа

Түркмөнстандагы мунай платформаларынын биринде өрт чыкты


Каспий деңизинин түркмөн акваториясындагы мунай платформасында чыккан өрт. 15-июль 2024-жыл
Каспий деңизинин түркмөн акваториясындагы мунай платформасында чыккан өрт. 15-июль 2024-жыл

16-июлга караган түнү Каспий деңизинин түркмөн акваториясындагы мунай платформасында өрт чыгып, ондогон киши жараат алган. Бул тууралуу "Азаттыктын" түркмөн казматы аталган платформанын жумушчуларына шилтеме кылып кабарлады.

Маалыматка караганда, Бириккен Араб Эмираттарында катталган Dragon Oil компаниясына таандык мунай платформасында түнкү саат 12лерге жакын катуу жарылуу болуп, анда 2 тоннага жакын бензин жана дизел майы бар болгондуктан, өрт чыккан. Жыйынтыгында платформада иштеген 38 жумушчунун 25и түрдүү жарааттарды алып, бир нечеси каза болгон. Өрттө куткаруу кайыктары да күйүп кеткендиктен, жардам эки сааттан кийин гана барган.

Dragon Oil компаниясы каза болгон жумушчулардын үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүп, жаракат алгандар үчүн чет өлкөлүк дарыгерлерди чакырганы кабарланууда.

Мамлекеттин көзөмөлүндөгү расмий ЖМКлар мунай платформасындагы бул өрт жөнүндө эч кандай маалымат беришкен жок.

Кырсык жөнүндө алгачкылардан болуп 1-августта көз карандысыз Turkmen.news сайты өз булактарына таянып жазган. Басылманын булактары өрттүн чыгуусуна эмне себеп болгонун тактап айтып бере алышкан эмес, бирок учурда буга байланыштуу тергөө иштери жүрүп жатканын кошумчалашкан.

Dragon Oil компаниясы Түркмөнстанда дээрлик 20 жылдан бери иштейт. Бул аралыкта ал өлкөгө 8 миллиард доллардан ашык инвестиция салган. Компания алдыңкы 15 жылдан ичинде Түркмөнстанга дагы ушунча көлөмдө инвестиция салууну пландоодо.

XS
SM
MD
LG