Каир окуя үчүн Израилди айыптады. Расмий өкүлдөрдүн айтымында, израилдик аскерлер биринчи ок чыгарган.
Израил өз кезегинде египеттик аскерлер израил армиясынын жоокерлерин ташыган жүк ташуучу унаага ок чыгарган деп ырастоодо. Израилдиктер жооп иретинде каршылык көрсөтүшкөн.
Израил маалымат каражаттарынын жазганына караганда, Израил менен Египет өлкөлөр ортосунда кризис болушун каалабайт жана окуяны биргелешип иликтөөдө.
Былтыр 7-октябрда радикал топтун жоочулары Израилге кол салганда 1200 киши каза тапкан, 250дөн ашуун кишини барымтага алышкан. ХАМАСтын колунда азыр 100дөй киши кала берүүдө.