Маалыматка караганда, керектүү медициналык жардамдарды алгандан кийин 85 киши үйүнө кетсе, калгандары дарылануусун ооруканада улантып жатышат. Алардын көбү жеңил жана орто даражадагы жаракаттарды алышкан.
Armenia Today басылмасы Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз катчысына шилтеме кылып, акция учурунда 18 полиция кызматкери жараат алганын билдирүүдө.
Арменияда нааразылык акциялар бир нече аптадан бери токтобой жатат. 12-июнь күнү армян парламентинин алдындагы аянтка бир нече миң киши топтолуп, премьер-министр Никол Пашиняндын жана анын өкмөтүнүн отставкасын талап кылышкан. Алардын көбү "Тавуш мекен үчүн" кыймылынын тарапташтары. Чогулгандар жаңы өкмөт башчысы кызматына аталган кыймылдын лидери, архиепископ Баграт Галстанянды сунуштап жатышат.
Өкмөттүн шаршемби күнү кечинде өткөн жыйыны маалында митинг катышуучулары парламент имаратына кирүүгө аракет кылышкан. Жооп катары укук коргоо кызматкерлери аларды күч менен кууп таратып, ондогон кишини кармаган.
Армениянын Тергөө комитети акция учурунда кармалгандарга каршы "Жапырт башаламандыктар" беренеси менен кылмыш иштери козголгонун билдирди.
Арменияда нааразылык акциялардын тутанышына Азербайжан менен кол коюлган чек ара макулдашуусу себеп болду. Анда Ереван Бакуга чек арадагы төрт айылды өткөрүп берүүнү убадалаган. Тараптар чек араны делимитациялоо тууралуу документтерге апрелдин аягында кол коюшкан. Ага ылайык, чек араны аныктоо процедурасы Азербайжан менен чектешкен Тавуш аймагындагы төрт айылдан башталган. Айылдар эки өлкөнүн армияларынын ортосундагы нейтралдуу аймакта жайгашкан.