Маалыматтарга караганда, аталган айылдагы 62 турак үйдүн 30у толугу менен же жарым-жартылай жарактан чыгып калган.
"Суу таңкы саат алтыда келди. Биз балдарыбызды алып, коопсуз жерге качканга гана үлгүрдүк. Азыр үй-жайсыз калдык. Мен үч баламды жалгыз багып келем. Абалыбыз оор, биз жардамга муктажбыз", – деди өзүн Мижгона Нурдонаева деп тааныштырган тургундардын бири.
Жамила Хаитова аттуу жашоочу суу катуу келгендиктен, үйдөн эч нерсе алып чыгууга жетишпей калышканын билдирди. "Кандай кийинип турсак болсок, ошол бойдон чуркап чыктык. Бийлик бизди коопсуз жерге көчүрсүн, канча жылдан бери ушинтип жашап келебиз. Жыл сайын курабыз, кайра эле сел алып кетет. Балдар менен каякка барабыз?", – деп суроо салды ал.
Гулбог айылдык кеңешинин башчысы Мехроб Далиев жабыркаган тургундар жардам ала электигин ырастады. "Эч кандай жардам бериле элек. Жабыркагандарга үйү зыянга учурабаган жашоочулар тамак-аш даярдап берүүдө. Башка эч ким жардам берген жок", – деди ал.
Варзоб райондук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын башчысы Фируз Суюнов жабыркагандар жакында жардам ала баштай турганын билдирди. "Биз адамдарды жаратылыш кырсыгынан куткардык. Азыр айылда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө. Жакында бул иштер аяктайт", – деди Суюнов.
Район башчысы Хусрав Дамонзода атайын түзүлгөн жумушчу топ келтирлген чыгымды эсептеп чыккандан кийин калкка жардам берилерин айтты.
Күн мурун Варзоб районунда селден үч киши каза болгону кабарланган.
Акыркы эки күндүн ичинде Тажикстандын Согд, Хатлон, Тоолуу Бадахшан автоном облустарында жана Душанбеге чектеш аймактарда сел жүрүп, көптөгөн турак жайларды, айыл чарба жерлерин суу каптап, жолдорду жууп, көпүрөлөр талкаланды.