Өрт 23-майда таңга маал Истра шаарынын Падиково айылында болгон. Маалыматка караганда, мештен өрт чыгып, кишилер иске ууланган. Shot Телеграм каналынын жазганына караганда, кишилер тирүүлөй күйүп кеткен, бир аял экинчи кабаттан секирип, жаракат алган.
Тергөө комитети “Байкабастан эки же андан көп адамдын өлүмүнө алып келүү” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.
Жеке үйдү 24 жаштагы жаран ижарага алып, Орусияда каттоосу жок чет элдик жарандарга ижарага берип келген. Бул тууралуу Москва облусунун прокуратурасы билдирди. Ал Өзбекстандын жараны болуп чыкты жана кармалды. Прокуратура “мыйзамсыз миграцияны уюштуруу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.
РБКнын маалыматы боюнча, каза болгондор Ozon компаниясын Истрадагы кампасы менен иштешкен фирманын кызматкерлери болгон.