"Беш чакырымга созулган борбордук көчөнү оңдоо демилгесин жергиликтүү үч ишкер көтөрүп чыккан. Аларды айылдан кеткен мигранттар колдоп, жалпысынан 188 миң доллар же 2 миллион сомони чогултушту. Мигранттар дегенде чет өлкөлөрдөгү эле айылдаштар эмес, Душанбе жана Хожент шаарларында иштеп жүргөн балдарыбыз да бар. Жолду оңдоо иштерине жергиликтүү тургундар жардам берип жатышат", – деди айылдын Рахматулло Ёров аттуу жашоочусу.
"Туугандарымдын ичинен 20-25и эмгек миграциясында жүрүшөт. Алардын ар бири 3-5 миң сомониден (300-500 доллар) беришти", – деди Абдумажид Олимов аттуу дагы бир тургун.
Жергиликтүүлөрдүн айтымында, бул жашоочулар өз алдынча ишке ашырган айылдагы алгачкы долбоор эмес. Акыркы кездери колунда бар тургундар ажылыкка баруунун же чоң той-аштарды өткөрүүнүн ордуна каражаттарын жалпы маселелерди чечүүгө көбүрөөк сала башташты.
Айылдыктар жол оңдолгондон кийин ушундай эле ыкма менен балдар ооруканасын курууга ниеттенип жатышат.
Согд облусунун Деваштич районунда жайгашкан Басманда айылында 10 миңден ашык киши жашайт. Бирок алардын дээрлик жарымы чет өлкөлөрдө же баш калаа Душанбе шаарында эмгек миграциясында жүрүшөт. Айыл тургундары негизинен айыл жана мал чарбасы менен алектенет.