Ссылки доступа

Тажикстан ТИМи орус элчисине нааразылык нотасын тапшырды


Семен Григорьев. "Фейсбук" социалдык түйүнүнөн алынган сүрөт
Семен Григорьев. "Фейсбук" социалдык түйүнүнөн алынган сүрөт

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 29-апрелде Орусиянын Душанбедеги элчиси Семен Григорьевге нааразылык нотасын тапшырып, "Орусиянын аймагында тажик жарандарына карата өзгөчө терс мамиле болуп жатканына, ошондой эле алардын укуктары менен эркиндиктери бузулуп жатканына байланыштуу олуттуу тынчсыздануусун" билдирди.

Буга чейин Тажикстандын жүздөгөн жараны орус-казак чек арасында жана Москванын аэропортторунда Орусияга кире албай турганы кабарланган.

"Тажикстандын гана жарандарына жасалып жаткан мындай мамиле тажик-орус мамилелеринин духуна жана салттарына таптакыр туура келбейт", – деп жазылган нотада.

Азырынча бул нотага орус тарап эч кандай реакция жасай элек. Бирок эки күн мурда Орусия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова казак-орус чек арасындагы кезек күтүүлөр, тажик жарандарына карата тыюу салуулар тууралуу комментарий берип, бул "Крокус Сити Холлдогу" кол салуудан кийин террордук коркунуч уланып жатканына жана орус-казак чек арасында коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүнө байланыштуу экенин билдирген. Ошол эле маалда ал бул аракеттер "убактылуу мүнөзгө ээ экенин жана өлкөгө кирип жаткан чет элдиктер улутуна карабастан кылдат текшерилип жатканын" белгилеген.

26-апрелде Тажикстан ТИМинде орус элчиси Семен Григорьев менен жолугушуу өтүп, анын жүрүшүндө башка маселелер менен катар эле тажик жарандарынын Орусия аймагына кирүүдө кыйынчылыкка кабылып жатышы талкууланган.

"Элчиге тажик тарап Тажикстан жарандарынын негизсиз Орусияга киргизилбей жатышы жапырт мүнөзгө ээ болгонуна тынчсызданып жатканы жөнүндө айтылды", – деп жазылган ТИМдин расмий билдирүүсүндө.

27-апрелде Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги жарандарын Орусияга барбай турууга чакырган. Мекеменин сайтына жарыяланган билдирүүдө бул өлкөгө өтө зарыл, чукул иш чыкса гана баруу керектиги жазылган.

Өткөн жума күнү орус-казак чек арасында кезекте турган тажикстандыктар "Азаттыктын" казак кызматына видеолорду жиберишкен. Тасмада кезек күткөндөр чек арадагы "Сагарчин" көзөмөл-өткөрмө бекетинин жанында 22-апрелден бери өтө албай турушканын, орусиялык чек арачылар мунун себебин түшүндүрбөй жатканын айтып беришкен.

Кезек күтүп турган 180ден ашуун тажикстандык номурлуу жеңил машинеде жана кичи автобуста жалпысынан 600дөй адам, арасында балдар, аялдар жана кары-картаңдар бар экени, башка өлкөлөрдүн жарандары чек арадан эч тоскоолдуксуз өтүп жатышканы кабарланган.

Ошол эле күнү Москвадагы "Внуково" аэропортуна учуп барган тажик жарандары жүздөгөн тажикстандык Орусияга киргизилбей, аба жайында кармалып турганына, мунун себептерин аларга эч ким түшүндүрбөй жатканына даттанышкан.

Укук коргоочулар "Крокус Сити Холлдогу" кандуу окуядан кийин Орусияда Борбор Азия өлкөлөрүнөн барган мигранттарга каршы маанай күчөп, текшерүүлөр көбөйгөнүн билдирүүдө.

22-марттын кечинде Москвадан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холл" борборунун алты миңдей көрүүчүгө эсептелген концерттик залында отургандарга кол салуу болгон.

Анда кеминде төрт киши автоматчан кирип барып, адамдарды аткылап, өрт койгон видеолор тараган. Бери дегенде эле 145 адамдын өмүрүн алган бул кол салууга шектелип кармалган ондон ашуун кишинин көбү теги тажикстандык экени аныкталган.

XS
SM
MD
LG