Ссылки доступа

Eurasianet.org: өзбек премьер-министри Кытайдан колу бош кайтты


Eurasianet.org сайтынын маалыматына караганда, быйыл 29-февралдан 1-мартка чейин Кытайда болгон премьер-министр Абдулла Арипов баштаган өзбек өкмөтүнүн делегациясы Бээжин менен жаңы инвестициялык келишимдерге жетише алган эмес.

Басылма сапардын максаты өз ара сооданы жана инвестицияны көбөйтүү болгонун жазды.

Бул Өзбекстан премьер-министринин уйгурлар басымдуулук кылган Шинжаң аймагына жасаган биринчи сапары болгон. Өзбекстан Кытайдын уйгурлар менен катар башка улуттук жана диний азчылыктарга карата саясатын колдоп келет. Буга чейин расмий Ташкент Кытайга бир уйгур активистин өткөрүп берген.

Ташкент менен Гуанчжоудагы инвестициялык форумдар өзбек басылмаларында активдүү чагылдырылганы менен олуттуу жыйынтыктар болгону айтылган жок.

Eurasianet агенттиги Евразия өнүктүрүү банкынын маалыматына таянып жазганына караганда, 2016-жылдан 2023-жылдын биринчи жарымына чейин постсоветтик өлкөлөргө Кытай жалпысынан 80 миллиард доллар инвестиция жасаган.

Инвестициялардын басымдуу бөлүгү мунай жана газ тармагына багытталган.

Март айынын башында Шинжаңда Кыргызстандын өкмөт башчысы Акылбек Жапаров, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жана Кытайдын расмий өкүлдөрүнүн катышуусунда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорун ишке киргизүү маселеси талкууланган.

Басылманын белгилешинче, учурда долбоор Кытай кошумча каржылоону каалабагандыктан токтоп турат. Eurasianet.org акыркы сүйлөшүүлөрдөн кийин да долбоорду ишке ашырууда жылыш болбогонун белгилейт.

XS
SM
MD
LG