Ссылки доступа

Тажикстан: Канибадамдын тургундары "кара кийимчен кишилерден" коркуп жашап калышканын билдирүүдө


Тажикстандын түндүгүндөгү Канибадам шаарынын тургундары акыркы апталарда коркуп жашап калышканын, буга алардын үйлөрүнө беткапчан белгисиз кишилер кирүүгө аракет кылып жатканы себеп экенин билдирүүдө.

Далил катары тургундардын бири видеобайкоо камерасына тартылган тасманы социалдык түйүндөргө жарыялады. Андан беткапчан жана кара түстөгү кийим кийген адам үйгө кирүүгө аракет кылып жатканын көрүүгө болот.

11-июнь күнү кечинде кара кийимчен шектүү адам Канибадамдын борбордук бөлүгүндө жашаган Максудовдордун короосунда жүргөнү байкалган. Алардын айтымында, ал киши короодо отурган үй ээлерине жакындап келүүгө аракет кылган, бирок алардын чочуган кыйкырыктарынан улам качып кеткен.

"Болжол менен кечки саат ондордо тапчанда отурганбыз. Ошол маалда кызым короодо белгисиз киши жүргөнүн байкап калды. Ал беткапчан жана кара кийинип алыптыр. Биз коркуп кетип, катуу кыйкырып көчөгө чуркап чыктык", – деди үй ээси Максуда Кодирова.

Ал бул факты боюнча укук коргоо органдарына билдиришкенин, бирок бүгүнкү күнгө чейин эч ким кармала электигин айтты.

"Биз дароо милицияга чалганбыз, бирок алар бир сааттан кийин гана келишти. Эмнеге кеч келгенин сурасак "бул сыяктуу көп кайрылуулар болуп жатканын" айтышты. Кызматкерлер короону карап жатканда дагы бир чакыруу болуп, алар кетип калышты. Биз түнкүсүн тынч уктай албай, коркуп калдык. Алар кармалышы керек", – деп кошумчалады Кодирова.

Акыркы эки айдын ичинде Канибадамда белгисиз кишилер бир нече үй-бүлөнү өлтүрүп кетишти. Мындан улам жергиликтүү тургундар шаарда кара беткапчан адамдардын пайда болгонуна тынчсызданып жатышат.

"Коркконубуздан ушундай ысыкта эшик-терезелерибизди жаап уктап жатабыз. Мындай болбошу керек", – деди шаардын Инобат Исломова аттуу тургуну.

90 жаштагы Ашурали Собиров акыркы бир нече айдан бери керебеттин жанына айры, балта же бычак коюп жатып калышканын айтат.

"Түнкүсүн бири-бирибизди кайтарып дээрлик уктабай калдык. Же сыналгынын үнүн бийиктетип, үргүлөп отурабыз. Каалаган убакта сыртка чыга албай калдык. Маалелерде куралчан аскерлердин күзөтү коюлушу керек", – деди ал.

XS
SM
MD
LG