Украина президенти Владимир Зеленский "Тынчтык саммити" деп аталган жыйынды Орусияны катыштырбай өткөрүүнү суранды. Швейцария бийлиги уюштуруу иштерин өзүнө алууга даяр экенин январь айында эле жарыялаган. Конференциянын убактысы жана орду шаршемби күнү жарыяланды.
Швейцария өкмөтүнүн маалыматы боюнча, конференция Люцерн шаарына жакын Нидвальден кантонундагы Бургенсток курортунда 15 жана 16-июнда болот. Бул тууралуу Blick басылмасы жазды.
Билдирүүдө айтылгандай, азыр конференцияга эл аралык жетиштүү колдоо бар жана бул тынчтык жараянынын баштоого жол ачышы керек.
Ошол эле учурда Москва Швейцариядагы сүйлөшүүлөргө Орусия чакырылган күндө да катышпай турганын бир нече жолу билдирген. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги муну Швейцария Москвага каршы санкцияларга кошулгандан кийин бейтарап ортомчу болбой калганы менен түшүндүрдү.
Украина да Орусиянын Тынчтык саммитине чакыруусуна каршы чыкты. Киев Орусиядан Украинанын эл аралык коомчулук тааныган бүткүл аймагынан аскерлерин чыгарып кетүүнү талап кылууда.
Швейцария бийлигинин билдирүүсүндө сүйлөшүүлөргө кайсы өлкөлөр катышары жана алар кандай деңгээлде өкүл болору айтылган эмес.
Буга чейин тынчтык формуласы деп аталган бир нече жолугушуулар болуп, ага дүйнөнүн ондогон өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышкан. Швейцариядагы жолугушууга Кытайдын жана жаңжалдын эки тарабын тең колдобогон башка мамлекеттердин катышуусун камсыз кылуу мүмкүнбү же жокпу азырынча белгисиз.