Ссылки доступа

Орусиядан кийин Казакстан да мигранттарды текшерүүнү күчөттү


Орусиядан кийин Казакстанда да Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнөн, анын ичинде Тажикстандан барган мигранттарды текшерүү күчөдү. Бул тууралуу "Озоди" радиосу редакцияга кайрылган тажик мигранттарынын айткандарына таянып кабарлады.

"Тажикстандыктардын абалы начарлады. Рейддер уюштурулуп, көбүн депортация кылып жатышат. Бул өлкөдө жашоого убактылуу уруксаты барларды да кармап, депортациялаган учурлар бар", - деп билдирген Казакстанда жашаганына алты жыл болгонун айткан мигранттардын бири.

5-майда Казакстан полициясынын расмий сайтына Улытау облусунун аймагында жүргүзүлгөн рейд учурунда "мыйзамсыз иштеп жүргөн чет өлкөлүк 16 кишинин жетөө Өзбекстандын, тогузу Тажикстандын жараны экени аныкталганы" тууралуу маалымат жарыяланган. Алар баары тийиштүү документи жок иштеп жүрүшкөнү жана өлкө аймагынан мажбурлап чыгарылганы кабарланган.

Тажик бийлиги 7-майда Казакстандын эл аралык аэропортторунда коопсуздук чаралары күчөтүлгөнү тууралуу билдирүү таратып, тажик жарандарына бул өлкөгө бардык документтерин текшерип, даярдап, тактагандан кийин баруу керектигин эскертти.

Казакстан өлкө аймагында иштеген тажикстандык эмгек мигранттарынын саны жагынан Орусиядан кийинки мамлекет. "Озоди" радиосунун маалыматына караганда, бул өлкөдө Тажикстандын 10,5 миңдей жараны иштейт. Алар негизинен курулуш жана соода тармагында эмгектенет.

22-мартта Москва облусунун Красногорск шаарындагы "Крокус Сити" борборунун 6 миңдей көрүүчүгө эсептелген концерттик залында отургандарга кол салуу болгон. Төрт киши автоматчан кирип барып, адамдарды аткан жана өрт койгон видеолор тараган. Кеминде 145 адамдын өмүрүн алган кол салууга шектелип кармалган ондон ашуун кишинин көбү теги тажикстандык экени аныкталган.

Ошондон кийин Орусиянын ар кайсы аймактарында чет элдик жумушчулардын жашаган жана иштеген жерлерине текшерүү күчөгөн.

Орусияда тажикстандык эмгек мигранттары боюнча абал оор деп мүнөздөлүп жатканы 30-апрелде Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддиндин Орусиянын башкы дипломаты Сергей Лавров менен сүйлөшүүсүндө белгиленген.

XS
SM
MD
LG