Ссылки доступа

Казакстан Орусиядагы суу ташкындарына таасир эте албай турганын билдирди


Казакстандын Суу ресурстары жана ирригация министрлиги өлкө Орусиядагы суу ташкындарына таасир эте албай турганын, анткени Тобол дарыясы аркылуу суу Орусиянын аймагынан келерин жана сууну агызуу чечими ал агымга жараша кабыл алынарын билдирди.

"Орусиядагы суу каптоого Казакстан таасир этип жатканы жөнүндө айтуу туура эмес. Бул чындыкка дал келбейт. Казак тарап 2-апрелден бери Тобол дарыясына суу агызуу боюнча чечимдер жөнүндө орус тарапка маалымат берүүдө", – деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.

Ошондой эле анда Казакстан менен Орусия "суу агымынын көбөйгөнү же азайганы боюнча күнү-түнү маалымат алмашып жатышканы, бул жерде макулдашылбаган аракеттер жөнүндө сөз да болушу мүмкүн эмес экени" белгиленген.

Күн мурун Орусия президентинин Урал федералдык округундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Владимир Якушев Казакстандагы суу сактагычтардан суу агызуу "кыйла жакшы макулдашылышы керектигин" айткан.

Орусия менен катар эле апрелдин башынан бери Казакстандын бир нече аймагында дарыялардагы суунун деңгээли жогорулап, ири суу ташкындары башталган. Буга байланыштуу өлкөнүн тогуз облусунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Атырау облусунун селден эң көп жабыркаган райондорунан 10 миңдеген тургун эвакуацияланды.

Паводки в Казахстане: в опасной зоне остаются миллионы людей
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:13 0:00

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан маалыматка ылайык, Сибир, Приволжье жана Борбордук федералдык округдардагы 39 аймакты суу каптады. Жалпысынан 10,5 миң турак-үйдү суу каптап, бир нече облуста өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.

XS
SM
MD
LG