Ссылки доступа

Казакстанда оппозициялык партиянын лидери Марат Жыланбаев эки айга камакка алынды


Марат Жыланбаев
Марат Жыланбаев

25-майда Астана соту белгилүү казакстандык супермарафончу жана оппозициячы Марат Жыланбаевди эки айга камакка алуу чечимин чыгарды. Ал "Тыюу салынган уюм менен кызматташуу" жана "Экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүн каржылоо" беренелери боюнча шектелүүдө.

Тергөө органынын токтомуна ылайык, Марат Жыланбаев өлкөдө тыюу салынган "Казакстандын демократиялык тандоосу" кыймылынын түзүүчүлөрү менен мүчөлөрүнүн социалдык түйүндөрдөгү чатында бар экени аныкталган.

"Жыланбаев аталган кыймылды негиздеген бозгундагы Мухтар Аблязов жана анын "чет өлкөлөрдөгү штабдары" менен байланышта. Алардан "конституциялык түзүлүштү бузууга багытталган" тапшырмаларды алып турат. Ал Аблязовго байланышы бар уруксатсыз митингдерге катышып, анын соцтүйүндөгү билдирүүлөрүн бөлүшүп келген", – деп жазылган токтомдо.

Адвокат Меиржан Доскараевдин айтымында, Жыланбаев тагылган айыптарды четке кагууда.

"Сотто ал эч кандай экстремисттик уюмга мүчө эмес экенин белгилеп, өткөн жылдан бери оппозициялык "Алга, Казакстан!" партиясын каттоодон өткөрө албай жүргөнүн айтты", – деди адвокат.

Жыланбаев өткөн жылдан бери Астана акимчилигине митинг өткөрүү боюнча 20га жакын билдирме жөнөткөн. Ал акцияларда активисттерге карата куугунтукту токтотуу жана Январь окуяларын эл аралык эксперттердин катышуусунда иликтөө талаптары айтылары кабарланган. Мындан тышкары ал Орусиянын Украинага каршы агрессиясын айыптаган акция өткөрүүгө да аракет кылган. Бирок акимчилик андай акциялардын бирине да уруксат берген эмес.

Марат Жыланбаев – 1990-жылдары бардык ири чөлдөр аркылуу чуркап өткөн дүйнөдөгү жападан жалгыз ультрамарафончу болуп эсептелет. Алар: Каракум, Сахара, Чоң Виктория жана Невада.

Жыланбаев "Алга, Казакстан!" партиясын түзүү боюнча делгилүү топтун лидери. Өткөн аптада бул партияны каттоо өтүнүчү менен Юстиция министрлигине 15-жолу документтерин тапшырган. Бирок мекеме тапшырылган документтер мыйзамдын талаптарына жооп бербейт деген чечимге келген.

XS
SM
MD
LG