Билдирүүдөн кийин министрдин орун басары Эрлан Аккенженов Адилбековду жалаа жапты деп айыптап, полицияга арыз менен кайрылган.
Адилбековду кармоого куралдуу спецназдын 14 кызматкери катышып, ага адвокаты менен байланышууга уруксат берилген эмес. Журналисттин постунда министрдин орун басарынын административдик рычагдары аркылуу мунай заттын арзандатылган баада сатып алып, чет өлкөгө жогорулатылган баада саткан Vitol компаниясы тууралуу сөз болгон. Аккенженов бул схемаларга тиешеси бардыгын четке кагууда.
Адилбековдун жактоочусу Адилжан Маутканов тергөөдө журналисттин маалыматын төгүнгө чыгаруу үчүн эч кандай далил келтирилген эмес деп эсептейт. Жактоочу тергөө учурунда көптөгөн мыйзам бузууларга жол берилгенин, маселен, тинтүү учурунда журналисттин жубайынын жана беш жашар кызынын телефонун тартып алышканын белгилейт.
Адилбеков бул ишти жасалма деп эсептейт. 2024-жылдын май айында ондон ашык казакстандык журналист президент Токаевге Адилбековду бошотуу жана ишти ачык-айкын иликтөөнү камсыз кылуу өтүнүчү менен кайрылышкан.