Иш сот арачыларынын катышуусу менен каралды. Прокурор аны 13 жылга эркинен ажыратууну суранган.
Жактоочу тарап өкүм менен макул эмес жана апелляциялык даттанууга ниеттенүүдө. Адвокат Сүйүбаев «саясий көз карашы үчүн соттолду, ал эми чындап баңги затын тараткан таптакыр башка адам» деп эсептейт. Анын айтымында, Сүйүбаевге таанышы жалаа жапкан.
«Сүйүбаевге каршы көрсөтмө берген адам анын ишенимине кирип, анын жанында жатаканада бир нече күн болуп, картасын колдонуп, акча которгон, кийин тергөө учурунда «акча баңги затын сатуудан түшкөн» деп билдирген. Сот муну эске алып, ишти кошумча тергөөгө жиберген жок, 2012-жылдан бери Сүйүбаев психиатриялык диспансерде каттоодо турат», — деди адвокат Доскараев алдын ала соттук угуудан кийин.
Асанали Сүйүбаев 2024-жылдын 16-майында Астанада катталбаган оппозициялык “Алга, Казакстан!” партиясынын мурдагы лидери, саясатчы Жасарал Куанышалиндин ашына келгенде кармалган. Ушул эле күнү укук коргоочу Айдар Сыздыков да баңгизат сактаган деген айып менен камакка алынган. Ага карата тергөө иштери уланууда.
Активисттердин айтымында, Сүйүбаев мурда бийликти сындаганы үчүн куугунтукка алынган: аны күч менен психиатриялык ооруканага жаткырышкан. Экинчи топтогу майыптыгы бар.