Анын айтымында, быйыл жыл башында ырайым кылуу комиссиясына арыз жазып, июль айынын башында оң чечим чыккан.
Жергиликтүү саясат таануучу Андрей Чеботарев өзүнүн Telegram-каналында профессордун соттуулугу жоюлуп, укуктары калыбына келтирилгенин жазды.
2019-жылдын октябрында сот Константин Сыроежкинди күнөөлүү деп таап, он жылга эркинен ажыраткан. Апрель айында Сыроежкин беш жыл абакта отургандан кийин мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотулуп, пробациялык көзөмөлгө алынган.
Америкалык Wall Street Journal (WSJ) басылмасы өз булагына таянып “Сыроежкин, сыягы Кытайга жашыруун маалыматтарды өткөрүп берип, ал үчүн акча алып турган” деп жазган. Гезит белгилегендей, кытай бийлиги окумуштуунун ишин “жок жерден ойлоп табылган кабар” деп мүнөздөгөн.
Алматы шаарында туулган Сыроежкин СССР КГБсинин Жогорку мектебин аяктаган, Кытай боюнча эң алдыңкы адистердин бири болуп эсептелчү. Орус, англис жана кытай тилдеринде чыккан миңден ашуун макалалардын автору.
2006-жылдан бери Казакстандын президентинин алдындагы Стратегиялык изилдөөлөр институтунда илимий улук кызматкер болчу.