Ссылки доступа

Казакстанда Январь окуясында кармалгандарга кыйноо колдонгон полициячылар соттолду


Алматынын Алмалы райондук соту 2022-жылдын январь айындагы нааразылык акциясында кармалгандарды кыйноого алган үч аймактык полиция кызматкерин үч жылга эркинен ажыратты.

Бул тууралуу шаардык прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, тергөө учурунда 2022-жылдын 9-январында Алмалы райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген үч кишини полиция кызматкерлери кыйноого алынганы далилденген.

"Мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында үч жабырлануучу физикалык жактан жабыркаган", - деп айтылат билдирүүдө.

Соттолгон тартип сакчылары атайын наамдарынан жана мамлекеттик кызматта иштөө укугунан ажыратылган.

Бир нече күн мурун Талдыкорган соту үч аймактык полиция кызматкерин 4 жылдан 6 жылга чейин эркинен ажыраткан. Алар да январь айындагы нааразылык акциясында кармалгандарга карата кыйноолорду колдонгон деп табылган.

XS
SM
MD
LG