Ссылки доступа

Селден улам Казакстандагы түркмөн жарандары мекенине кайтууда


Казакстандагы суу ташкыны
Казакстандагы суу ташкыны

Казакстандагы селден улам бул өлкөдө иштеп жүргөн түркмөнстандыктардын көбү мекенине кайтып, казак-түркмөн чек арасындагы "Гарабогаз" өткөрмө бекетинде узун кезек жаралды. Бул тууралуу "Азаттыктын" түркмөн кызматы 11-апрелде кабарлады.

"Өткөн жумадан бери Казакстандан кайтып жаткан жарандардын агымы токтобой жатат. Күн сайын узун кезектер болууда. Бизде өлкөнүн сыртында үч айдан ашык жүргөн жарандардан ковид-тест алуу талабы дале күчүндө. Ошондуктан алардын ар биринен коронавирусту аныктоочу тесттерди алып жатабыз. Жарандар чек арадан өтүү үчүн милдеттүү түрдө тесттен өтүп, бул үчүн 50 доллардан төлөшү керек", – деп билдирди аталган бекеттин аты-жөнүн айткысы келбеген кызматкери.

Анын айтымында, түркмөн жарандарынын жапырт мекенине кайтышына Казакстандын бир катар аймактарындагы суу ташкыны себеп болууда.

"Азыркы учурда Түркмөнстандын 10 миңден ашык жараны Казакстандын түрдүү аймактарында иштеп жүрүшөт. Алардын көбү үч айлык туристтик виза менен кетишкен. Сел түркмөн жарандары жүргөн аймактарды каптап, алар кайтып келүүдө", – деп кошумчалады бекеттин кызматкери.

Казакстандын Актөбө облусунан мекенине кайтып келген түркмөн жарандарынын бири суу ташкынынан улам айрым жарандар документтерин жоготуп алышканын билдирди.

"Суу үч метрге чейин көтөрүлүп, үйлөрдүн чатырына чейин жетти. Биз араң кутулдук. Костанай жана Актөбө облустарында жүзгө жакын түркмөн жаранынын паспорттору менен башка документтери суу каптаган үйлөрдө калды. Мындан улам алар мекенине кайтып келе албай жатышат. Азыр элчиликке кайрылып, документтерин калыбына келтирүүгө аракет кылууда", – деди ал.

Наводнение в Казахстане: как развивается ситуация?
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:07 0:00

26-марттан бери Казакстанда сел каптаган аймактарда абал оорлоп, Абай, Актөбө, Акмоло, Атырау, Батыш-Казакстан, Түндүк-Казакстан, Костанай жана Павлодар, жалпысынан 10 облуста өзгөчө кырдаал режими жарыяланган. Айрыкча Атырау облусунун Күлсары аймагында абал оор болууда. Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 11-апрелдеги маалыматына караганда, коопсуз жактарга чыгарылгандар жалпысынан 98 миңге жетип калды. Алардын 7 миңден ашууну, анын ичинде 3,5 миңдей бала убактылуу ачылган пункттарда жашап жатышат.

XS
SM
MD
LG