Маалыматты ырастаган бир нече булактын айтымында, Зарифи 12-июнда кармалган. Ал 16-инюга чейин Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Душанбедеги убактылуу кармоочу жайында кармалып турган. Андан кийин анын кайсы мекемеге которулганы белгисиз.
Интернет айдыңында мурдагы ТИМ башчысы сурактан кийин бошотулганы жөнүндө билдирүүлөр жарыяланган. Бирок бул маалыматты "Озодинин" бир да булагы ырастаган эмес.
Тажикстандын расмий бийлик органдары Хамрохон Зарифинин кармалганын же бошотулганын ырастаган да, төгүндөгөн да жок.
"Озоди" радиосунун булактары 75 жаштагы Хамрохон Зарифинин эмне себептен кармалганы жөнүндө так маалыматтары жок экенин билдиришти. Укук коргоо органдарындагы булак мурдагы аткаминердин кармалышы "Зарифи министр болуп турганда ТИМдин имаратын куруудагы экономикалык кылмыштарга байланыштуу экенин" билдирди.
Хамрохон Зарифи тажик парламентинин депутаты Саиджафар Усмонзода кармалган күнү кармалган. Анда эл өкүлү "мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылган" деген айып менен камакка алынганы кабарланган.
Тажик оппозициясы Зарифинин кармалышы Усмонзодага каршы козголгон кылмыш ишине байланыштуу болушу мүмкүн деп болжолдоп жатат. Алардын айтымында, Зарифи Усмонзода менен байланышта болгон.
14-июнда Тажикстандын башкы прокурору Юсуф Рахмон Усмонзоданы депутаттык кол тийбестигинен ажыратуу өтүнүчү менен парламент депутаттарына кайрылган. Жыйынга катышкан эл өкүлдөрү бул өтүнүчтү бир добуштан колдоп, Усмонзоданы камакка алууга макулдук беришкен.
Усмонзоданын жакындары ага тагылган айыптарды четке кагып, "анын төңкөрүш жасоо жөнүндө ою да болбогонун" айтууда.