Ссылки доступа

Булак: Душанбеде Демократиялык партиянын төрага орун басары кармалды


Ахмадшох Комилзода
Ахмадшох Комилзода

Душанбеде журналист жана Тажикстандын Демократиялык партиясынын төрагасынын биринчи орун басары Ахмадшох Комилзода кармалды. Бул тууралуу "Озоди" радиосу күч түзүмдөрүндөгү өз булактарына шилтеме кылып кабарлады.

Маалыматка караганда, Комилзода 15-июндан бери тергөө абагында камакта отурат. 16-июнда анын үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, компьютери жана экинчи уюлдук телефону алынган.

"Анын кармалышы Демократиялык партиянын мурдагы төрагасы жана парламент депутаты Саиджафар Усмонзоданын ишине байланыштуу. Комилзодага кылмыш иши козголду, бирок кайсы берене боюнча экенин билбейм", – деди Башкы прокуратурага жакындыгы бар булактардын бири.

Демократиялык партиянын мурдагы төрагасы жана өлкө парламентинин төмөнкү палатасынын депутаты Саиджафар Усмонзода "бийликти басып алууга аракет кылуу" шеги менен 12-июнда Душанбеде кармалган.

Быйыл 11-майда Тажикстан Демократиялык партиясынын кезексиз курултайы өтүп, Саиджафар Усмонзода "канааттандырарлык эмес иш алып барганы үчүн" партиянын төрагалыгынан четтетилген.

31-майда Тажикстандын Юстиция министрлиги Демократиялык партиянын чуулгандуу курултайын легитимдүү деп таап, өлкөдөгү бир нече гезитке ээлик кылган журналист Шахбоз Аброрду партиянын лидери деп тааныган.

Усмонзода өзүн партиянын мыйзамдуу лидери деп атап, Юстиция министрлигин Аброрду Демократиялык партиянын жетекчиси деп тааныган чечимин жокко чыгарууга чакырган.

Ахмадшох Комилзода өткөн кылымдын 90-жылдарынын аягында "Растохез" кыймылынын активдүү мүчөсү болуп, "Тажикстан" телеканалынын директору кызматында иштеген. 1993-жылы бир нече журналист менен бирге кармалып, аз убакыттан кийин кайра бошотулган. Мындан тышкары жарандык согушту токтоткон тынчтык келишимине кол коюлгандан кийин Улуттук жарашуу комиссиясынын басма сөз катчысы болгон. 2011-жылга чейин "Америка авазы" радиосунун Тажикстандагы кабарчысы катары иштеген.

XS
SM
MD
LG