Ссылки доступа

Ирандык режиссёр Европага качууга аргасыз болгонун билдирди


Мохаммад Расулоф
Мохаммад Расулоф

Ирандык кинорежиссёр Мохаммад Расулоф жашыруун түрдө өлкөдөн чыгып кеткенин билдирди. Анын айтымында, мындай кадамга баруусуна мекенинде ага карата сот өкүмү чыкканы жөнүндө кабар алганы себеп болгон.

Маалыматка караганда, сот аны "өлкөнүн коопсуздугуна зыян келтиргени үчүн" сегиз жылга соттоп, балак уруу жазасын белгилеген.

"Улуттук коопсуздукка каршы багытталган көмүскө бүтүмгө" айыпталган Расулоф бир нече күн мурда Ирандан чыгып кеткенин, азыр Европага бара жатканын билдирди.

"Менин алдымда түрмө же эмиграция деген эки гана тандоо турган. Жүрөгүм ооруса да ыктыярдуу сүргүндү тандадым", – деди Расулоф.

Режиссёрдун бул билдирүүсүн анын жакында эле тартылган "Ыйык инжир уругу" аттуу кинодрамасын жайылтуу менен алектенип жаткан Films Boutique жана Parallel45 компаниялары жарыялады.

Режиссёр аталган тасмасын Канн кинофестивалынын программасынан алып салууну талап кылып жаткан иран бийлигинин басымына кабылып келет. Канн фестивалы эртең Францияда башталат.

XS
SM
MD
LG