Ал бүгүнкү күндө өлкөдө алдыдагы парламенттик шайлоого даярдык жүрүп жатканын белгиледи.
"Ар бир өлкөдө бийликти өткөрүп берүү нормативдик-укуктук документтердин негизинде ишке ашат. Тажикстандын шайланган президентинин белгилүү бир мөөнөт ыйгарым укуктары бар. Ал мөөнөт аяктагандан кийин кезектеги шайлоо дайындалат", – деди Усмонзода.
Ал президент кандайдыр саясий чечимдердин жыйынтыгында эмес, жарандардын добуш берүүсүнө көз каранды болгон шайлоолордун жыйынтыгында тандалат деп эсептейт.
Тажикстанда ыктымал бийлик транзити жөнүндөгү ушактар өлкөдө жогорку кызматтагы бир катар саясатчылар менен аткаминерлер кармалып, айрым саясий партиялардын лидерлери тездик менен алмаштырылган учурда пайда болду.
Акыркы үч айдын ичинде Тажикстанда өздөрүн "конструктивдүү оппозиция" деп эсептеген үч саясий партия кезексиз курултайларын өткөрүп, лидерлери салыштырмалуу жаш адамдарга алмаштырылды.
Президент Эмомали Рахмон бийликти уулу баласы, Душанбенин мэри жана парламенттин жогорку палатасынын төрагасы Рустам Эмомалиге өткөрүп бериши мүмкүн деген кептер эл аралык жана жергиликтүү эксперттер тарабынан бир нече жылдан бери айтылып келет.
Эмомали Рахмон Тажикстанды 32 жылдан бери башкарып келет жана бул аралыкта бийлигин сактап калуу үчүн өлкө Конституциясына бир нече жолу өзгөртүүлөрдү киргизген.
Рустам Эмомали бүгүнкү күндө Тажикстан парламентинин жогорку палатасынын төрагасы жана мыйзам боюнча өлкөдөгү экинчи саясий адам болуп эсептелет. Президент каза болуп, кызматтан кетип же милдетин аткара албайт деп табылса, жаңы президент шайланганга чейин анын ыйгарым укуктары парламент төрагасына өтөт.