Камала Харрис CNN телеканалына берген маегинде бир жума мурун өткөн Демократиялык партиянын улуттук курултайында айтылган негизги темаларга токтолду.
Ак үйдө президент катары биринчи күнүндө эмне кылары жөнүндө суроого жооп берип жатып, Харрис анын эң башкы приоритети "орто классты бекемдөө жана колдоо" болорун айтты. "Менимче, адамдар алдыга умтулууга даяр", - деп баса белгиледи АКШнын президенттигине талапкер. Ал америкалык шайлоочулар үчүн маанилүү маселелер боюнча президент Жо Байдендин саясатын жактай турганын ырастады, анын ичинде иммиграция реформасынын зарылдыгы жана Израилди колдоону улантуу бар.
Ал төрт жылдын ичинде Байдендин администрациясы Кошмо Штаттарда заманбап өндүрүш ишканаларын түзүүгө, “жашыл индустрияны” өнүктүрүүгө жана өлкөнүн инфраструктурасын жаңылоого багытталган мыйзамдарды кабыл алууга жетишкенин эске салды.
Камала Харристи сындагандар Кошмо Штаттардын вице-президенти болуп иштеген жылдары ал ар кандай маселелер боюнча позициясын тез-тез алмаштырып турганына көңүл бурушууда. Маселен, ал сланец мунайын өндүрүүгө тыюу салууну кубаттаган, бирок кийинчерээк бул оюнан кайткан. Харрис жооп катары анын баалуулуктары өзгөрбөгөнүн жана ал жөн гана маанилүү маселелер боюнча жалпы тил табууга умтулуп жатканын айтты.
Камала Харрис Демократиялык партиядан президенттикке талапкер болуп чыккандан кийин беш жума бою негизги маалымат каражаттары менен маектешүүдөн баш тартканын республикачылар сындап , демократтар талапкерди пресса менен бетме-бет жолугушуусуна тоскоолдук кылып жатканын айтышты. Трамптын шайлоо штабынын билдирүүсүндө, Харрис 16 мүнөт ичинде АКШдагы кылмыш кризиси тууралуу эч нерсе айтпаганы, экономикага болгону 3 мүнөт 25 секунд, иммиграцияга 2 мүнөт 36 секунд жумшаганы белгиленди.