Бул тууралуу "Украинская правда" жана "РБК-Украина" басылмалары Украинанын Коргоо министрлигине караштуу Чалгын башкармалыгындагы булактарына шилтеме кылып кабарлашты.
"Украин дрону жоолошкон тараптын объектисине чейин 1 800дөн ашык чакырым аралыкка учуп, бул көрсөткүч боюнча камикадзе-дрондордун жаңы рекордун орнотту. Азыр радиолокациялык станцияга кандай зыян келтирилгени боюнча маалыматтар такталып жатат", – деп билдирген булак.
Күн мурун Казакстандын чек арасына жакын жайгашкан Оркс шаарында дрон кулаганын жергиликтүү басылмалар маалымдашкан. "Урал56.ру" телеграм-каналы бул чабуулдун максаты аскердик объект болгон деген божомолун жазып, андан эч ким каза болбогонун жана жаракат албаганын маалымдаган. Дрон чабуулу ошондой эле инфраструктурага да зыян келтирбегени кабарланган.
Бүгүн РИА "Новости" агенттиги Орск шаарына учкучсуз учуучу аппарат кулап түшкөнүн ырастады. Оренбург облусунун өкмөтү "жарандык объектилер зыянга учурабаганын жана жашоочулар үчүн коркунуч болбогонун" билдирди.
Орусиянын "Военный осведомитель" жана "Рыбарь" телеграм-каналдары украин дрону Орск шаарынан алыс эмес жерде жайгашкан "Воронеж М" радиолокациялык станцияга чабуул жасоого аракет кылганын кабарлашты.
"Воронеж" радиолокациялык станциялары – Орусиянын өзөктүк коопсуздугунун компоненти болуп эсептелет. Ал абадагы космикалык жана аэродинамикалык объектилерди, анын ичинде баллистикалык жана канаттуу ракеталарды аныктоо үчүн колдонулат. "Воронеж М" үлгүсү 6 миң чакырым алыстыктагы буталарды аныктоого жана бир маалда дароо 500гө чейин объектини көзөмөлдөөгө жөндөмдүү система.
23-май күнү эртең менен украин дрондору Краснодар крайынын Глубокий айылындагы аскердик бөлүккө чабуул койгон. Анда тартылган сүрөттөрдөн "Воронеж ДМ" үлгүсүндөгү радиолокациялык станция зыянга учураганы көрүнгөн.
Орусиянын Коргоо министрлиги бул чабуулдар боюнча комментарий берген жок.
Украинанын чек арасынан Орск шаарына чейинки аралык түз эсептегенде 1,5 миң чакырымга жакын.
9-майда украин дрону Башкырстандын Салават шаарындагы мунайды кайра иштетүүчү заводго чабуул койгон. Бутага жеткенге чейин учкучсуз учуучу аппарат абада 1,5 миң чакырымга жакын аралыкты басып өткөн. Ал 26-майда Оренбург облусуна жасалган чабуулга чейин Украинадан эң алыс жайгашкан шаарга жасалган дрон чабуулу болуп эсептелип жаткан.