Ссылки доступа

Подмосковьеде тажик диаспорасынын башчысы депутат болуудан баш тартты


Бахромжон Хасанов
Бахромжон Хасанов

Москва облусунун Пушкино шаарындагы тажик диаспорасынын башчысы Бахромжон Хасанов шаардык округга депутат болуп шайланып, төрт күндөн кийин өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды.

Бахромжон Хасанов Өзбекстанда төрөлүп, 17 жыл Тажикстанда жашаган. Ал 16 жыл мурун Орусиянын жарандыгын алып, ошондон бери коомдук иштерге активдүү катышып келет.

«Ошондон бери мен Орусиянын жаранымын, мен эч качан кош жарандуулукка ээ болгон эмесмин», - деген Бахромжон Хасанов орусиялык ЖМКларга.

Сентябрда өткөн Пушкино шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо тажик жараны жеңип чыккан. Ал бийликтеги “Бирдиктүү Орусия” партиясынан талапкер болгон. Бахромжон Хасанов эмне үчүн күтүүсүздөн отставкага кетүү чечимин кабыл алганы белгисиз.

Социалдык тармактарда көптөгөн орусиялык колдонуучулар Хасановдун отставкасын кубатташууда. Колдонуучулардын бири, ал гана эмес орусиялык дүкөндөрдө иштеген башка мигранттар да ушундай кадамга барышы керектигин жазган.

Экс-депутат өзү депутаттык ыйгарым укуктарын эмне үчүн тапшырганы тууралуу комментарий берген жок.

XS
SM
MD
LG