КМШга (көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги) мүчө өлкөлөрдүн коопсуздук органдарынын жетекчилеринин Бишкекте өткөн жыйынында сүйлөгөн Бортников Борбор Азия мамлекеттериндеги кесиптештеринин түздөн-түз көмөгү менен террорчуларды даярдоо жана каржылоо иштери "Вилаят Хорасан" тобунун мүчөлөрү тарабынан интернет аркылуу көзөмөлдөнүп турганы аныкталганын белгиледи.
"Бул теракт боюнча тергөө иштерине көмөктөшкөнү үчүн КМШ өлкөлөрүнүн атайын кызматтарына ыраазычылык билдирем. Учурда кылмышка катыштыгы бар адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат. Бүгүнкү күнгө карата 20дан ашык киши кармалды. Алардын арасында терактты ишке ашыргандар жана аларга жардам бергендер бар", – деди Бортников.
Мындан тышкары ал бул кол салууга Украинанын Коргоо министрлигине караштуу Башкы чалгын башкармалыгынын түздөн-түз тиешеси бар экенин билдирди. Ошол эле маалда ал бул сөздөрүнө эч кандай далилдерди келтирген жок.
"Алардын максаттарынын бири – диний жана улуттук факторлордун жардамы менен КМШ өлкөлөрүнүн мамилелерине зыян келтирүү болгон", – деди Бортников.
Азырынча Украинанын бийлиги орус аткаминеринин бул билдирүүсү боюнча комментарий бере элек. Киев мартта Орусиянын мындай айыптоолорун четке каккан.
Буга чейин Москва облусунун Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холлго" кол салууга байланыштуу 13 киши, анын ичинде Тажикстандын 12 жараны кармалганы кабарланган. Тергөө алардын төртөөнү – Мухаммадсобир Файзовду, Далержон Мирзоевди, Саидакрам Ражабализоданы жана Фаридун Шамсиддинди терактты түздөн-түз ишке ашыргандар деп эсептөөдө.
Орусиянын Тергөө комитети "Крокус Сити Холлдогу" теракт боюнча тергөө иштерин улантууда. Өткөн жумада бул иш боюнча шектүү катары кармалгандардын камактагы мөөнөтү 22-августка чейин узартылган.
22-марттын кечинде Москвадан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан Красногорск шаарында "Крокус Сити Холл" борборунун алты миңдей көрүүчүгө эсептелген концерттик залында отургандарга кол салуу болгон.
Анда кеминде төрт киши автоматчан кирип барып, адамдарды аткан жана өрт койгон видеолор тараган. Бери дегенде 145 адамдын өмүрүн алган кол салууга шек саналып кармалгандардын көбүнүн теги тажикстандык экени аныкталган.