Кесиптик кошуундар федерациясынын башчысы Аарон Бар-Дэвид Израил бийлиги ХАМАС тобу менен келишимди “саясий себептерден” улам кийинкиге калтырып жатканын айтты.
Иш таштоонун алкагында, Бен Гурион эл аралык аэропорту ишин токтотуп, университеттер, мектептер жана бала бакчалар, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер, өнөр жай ишканалары, айрым соода борборлору жарым-жартылай жабылат деп күтүлүүдө. Медициналык мекемелер дем алыш күндөрүндөгүдөй режим менен иштейт.
Иш таштоону Израилдин Өндүрүшчүлөр ассоциациясы жана ири муниципалитеттер колдоп, Барымтадагы үй-бүлөлөрдүн форуму өлкөнүн жарандарын нааразылык акцияларына катышууга чакырды. Жекшембиде Тель-Авивде, Иерусалимде жана Израилдин башка шаарларында ХАМАС менен элдешүүнү талап кылган массалык митингдер өттү.
Жекшемби күнү таңга маал Израилдин аскерлери Газа тилкесинде ХАМАС согушкерлери тарабынан барымтага алынган алты адамдын сөөгүн табышкан.
Израилдин каржы министри, ашынган оңчул саясатчы Бецалель Смотрич иш таштоо жарыялоо менен “Гистадрут” профсоюздар федерациясы ХАМАСтын кызыкчылыгын көздөп жатканын билдирди. Смотрич Каржы министрлигине иш таштоонун катышуучуларына эмгек акы төлөп бербөөнү тапшырганын айтты. Буга чейин ал Палестина автономиясын жок кылууну жана Батыш жээкти Израилге кошууну талап кылган.