Жогорку Раданын адам укуктары боюнча өкүлү Дмитрий Лубинец 14-август күнү кечинде туткундарды алмашуу маселесин талкуулоо үчүн Орусиянын акыйкатчысы Татьяна Москалькова байланышка чыкканын билдирди.
Азырынча Москалькованын кеңсеси бул туткундарды алмашуу планы боюнча маалымат бере элек.
Курск облусунда Украинанын туткунуна канча орусиялык аскер түшкөнү боюнча так маалымат жок. 15-августта Украинанын Коопсуздук кызматы Курск облусунда 488-гвардиялык мотоаткычтар полкунун жана чечендерден турган "Ахмат" бөлүгүнүн 100дөн ашык жоокери туткунга түшкөнүн билдирди.
Мындан тышкары интернетте бетон бункерде жаткан көптөгөн туткундардын сүрөттөрү тарап жатат. Бирок алардын качан жана кайсы жерде тартылганы так белгисиз. Орусия бул боюнча комментарий бере элек. Украина тараптан келген билдирүүлөрдү азырынча көз карандысыз булактар ырастай элек.
15-августта украин Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырский Орусиянын Курск облусунда Украинанын аскер комендатурасы түзүлгөнүн жарыялады. Анын айтымында, комендатура аймактагы коомдук тартипти көзөмөлдөп, жергиликтүү тургундардын муктаждыктарын камсыздоо менен алектенет. Комендант болуп генерал-майор Эдуард Москалев дайындалды.
Украин аскерлери Курск аймагында бир нече багытта 500 метрден тартып 1,5 чакырымга чейинки аралыкка алдыга жылганын белгилеген башкы командачы учурда 1150 чарчы чакырым жердеги 82 калктуу пункт көзөмөлдө экенин кошумчалады. Анын айтымында, украин аскерлеринин бул операциясы башталгандан бери Орусиянын аймагына ичкери жылуусу 35 чакырымга жетти.
Курск облусунда 9-августта федералдык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал жарыяланган. 14-августта ушундай эле өзгөчө кырдаал коңшу Белгород облусунда да жарыяланганы кабарланды.