"Мурда "Амонатбанктан" насыя алып иш кылчубуз, азыр бербей калышты. "Сен улгайып калдың, өлүп калсаң ким төлөйт?" деп жатышат. Акча жок пахта талаам эки жылдан бери айдалбай жатат", – дейт чарбанын өкүлү Саиджафар Назаров.
Дыйкандардын айтымында, айдоо жерлердин кароосуз калышына сугат суунун тартыштыгы да себеп болууда. "Мен үч жылдан бери айдоо жериме бара элекмин. Анткени каналда суу жок. Суунун баарын коңшу айылдагы совхоз алып, бизге эч нерсе артпай калууда", – деди Куляб облусундагы Камолобод айылынын тургуну Наистон Ражабова.
Душанбеге коңшулаш жайгашкан Согд облусунун дыйкандары да ушундай эле көйгөйлөргө туш болууда. Бобожон Гафуров районунда жүзүм өстүргөн Абдурозик Муминов аны эки маселе – жер семирткичтердин кымбаттыгы жана суунун тартышты тынчсыздантып жатканын билдирүүдө.
Экономист Фозилжон Фатхуллоев дыйкандарга көбүрөөк жеңилдиктер берилмейинче, өлкөнүн агрардык тармагы өнүкпөйт деп эсептейт. "Мисалы, дыйкандардын чыгашасы кирешесин жаппай жатканын эске албай туруп алты айга жеңилдиктер берилүүдө. Жеңилдиктер көбүрөөк берилсе базардагы айыл чарба азыктары 5-10 пайызга арзандашы мүмкүн. Салыктар боюнча жок дегенде бир жылга жеңилдик берилиши керек", – деди ал.
Айрым дыйкандар бийлик пайда алып келбеген өсүмдүктөрдү өстүрүүгө мажбурлап жатканына даттанууда. Алардын айтымында, жыйынтыгында дыйкандар пайда көрбөстөн эле чыгашага учурап жатышат.
Өткөн жылы Тажикстанда канча дыйкан чарбасы жабылып же канча дыйкан айдоо жерин иштетпей калганы боюнча маалыматтар жок. Өлкөнүн Айыл чарба министрлиги бул боюнча комментарий берген жок.
Тажикстанда калктын 70 пайызга жакыны айыл жергесинде жашайт. Алардын социалдык-экономикалык көйгөйлөрүнүн көбүнүн чечилиши агрардык тармактын өнүгүүсүнө көз каранды. Айыл чарбасы эмгек миграциясы сыяктуу эле көптөгөн үй-бүлөлөрдүн негизги киреше булагы болуп эсептелет.
Расмий маалыматтарга ылайык, Тажикстандагы 700 миң гектар айдоо жердин 500 миңге жакыны сугат, калганы кайрак жер деп эсептелет. Бийлик жыл сайын 3-4 гектар жаңы айдоо жери кошулуп турарын билдирип келет.