Европарламенттин сайтында жарыяланган билдирүүдө Евробиримдик Украинаны зарыл болгонго чейин колдой турганы айтылат.
ЕБнын лидерлери 1-февралдагы жолугушууда Венгриянын узак мөөнөттүү каршылыгын жеңип, Киевге макрофинансылык жардам бөлүүгө макулдашкан.
Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Лейен 24-февралда Киевге болгон иш сапары учурунда жардамдын биринчи траншы март айында жөнөтүлөрүн кабарлаган. Суммасы канча экени айтылган эмес.
Украинанын Экономика министрлиги Евробиримдиктен март айында төрт жарым миллиард евро күтүп жатканын кабарлаган.