Ал улут жана тил белгилери боюнча кастыкты козутууга күнөөлүү деп табылды.
Врублевский 2022-жылы августта казак блогери Диас Кузаировго берген маегинде Орусиянын Украинага кол салуусу жөнүндө айтып, Украина "болушунча көбүрөөк орусту өлтүрүүгө" аракет кыларын, "канчалык көп өлтүрсө, келечек муунга ошончо аз өлтүрүүгө туура келерин" билдирген.
Бул маектен кийин Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Врублевский менен сүйлөшүү жүргүзгөнүн, андан соң ал билдирүүсү үчүн кечирим сураганын кабарлаган. Орусия Казакстандан украин дипломатын өлкөдөн чыгарууну талап кылган.
Украинанын президенти Владимир Зеленский 2022-жылдын октябрында Петр Врублевскийди кызматтан алган.
2024-жылдын башында Орусияда Врублевскийге каршы кылмыш иши козголуп, февралда Росфинмониторинг мекемеси аны террорчулар менен экстремисттердин тизмесине кошкон. Мартта Москванын Басман райондук соту Врублевскийди сыртынан камакка алуу чечимин чыгарып, ага эл аралык издөө жарыяланган.