Ссылки доступа

Тажикстанда мектептин дубалына "чакырыктарды жана коркутуу сөздөрүн" жазган эки киши кармалды


Жоми району
Жоми району

Тажикстандын Абдурахмон Жоми районунда дүкөндүн, мектептин жана чач тарачтын дубалдарына «чакырыктарды жана коркутуу сөздөрүн» жазган эки киши кармалды.

Азырынча бул боюнча тажик бийлик органдары эч кандай маалымат бере элек. «Озоди» радиосунун райондук акимчиликтеги өз булагы өспүрүмдөр кармалганын ырастап, бирок жашыруун гриф бар экенине шилтеме кылып, иштин чоо-жайын айтуудан баш тартты.

Журналисттер кармалгандардын жакындары менен байланыша алган жок.

Басылманын иш менен жакындан тааныш башка булагынын айтымында, окуя августтун башында Яккатут айылында болгон. «Мектептин, чач тарачтын жана дүкөндүн дубалдарында «телефон номуруңарды жана аккаунтуңарды алмаштыргыла», жана «бизди бийликке “саткандардын” үйлөрүн өрттөйбүз” деген жазуулар пайда болгон», — деди булак.

Анын айтымында, кармалгандардын тек-жайы мектептеги видеобайкоо камераларынын жардамы менен 18-августта аныкталган. Алардын бири 23 жашта экени кабарланды.

Азырынча кармалган жарандар бул кадамга эмнеге барганы белгисиз.

2014-жылы Тажикстанда «Группа 24» кыймылына тыюу салынгандан кийин Душанбедеги үйлөрдүн биринин дубалына өкмөткө каршы пропагандалык жазууларды жазган эки өспүрүм кармалган.

Хожент шаарында да үйлөрдүн биринин дубалына президент Эмомали Рахмонду отставкага кетирүү чакырыктары жазылган. Бийлик аны дароо өчүрткөн.

XS
SM
MD
LG